Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-январы № 884-VII
"2020-жылдын 18-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн миналарды гуманитардык зыянсыздандыруунун биргелешкен инженердик бөлүмү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 13-декабрындагы чыг. № 14-57775) "2020-жылдын 18-декабрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн миналарды гуманитардык зыянсыздандыруунун биргелешкен инженердик бөлүмү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Дж.К.Исаева |