Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-январы № 877-VII
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда четке кагуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттары Ч.А.Турсунбеков, И.Ш.Омуркулов, Е.Г.Строкова, Г.С.Молдобекова, А.Э.Самигуллина, У.Б.Примов, Д.Д.Бекешев, А.А.Карашев, О.М.Артыкбаев, М.А.Исаков, А.М.Нурбаев, И.А.Маннанов демилгелеген "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда четке кагылсын.
Төраганын орун басары | Н.А.Азыгалиев |