Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-марты № 1043-VII
2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун тандоо боюнча конкурстук комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерликтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
- 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун тандоо боюнча конкурстук комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын талапкерликтерин киргизсин:
Абдибаева Айсаракан Нышановна - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
Алтынбеков Айбек - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
Айжигитов Султанбай Абдрашитович - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан;
Алимжанов Фарходбек Айбекович - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
Бакиров Өмүрбек Мирзараимович - "Элдик" депутаттык тобунан;
Бекешев Дастан Далабайевич - № 28 Октябрь бир мандаттуу шайлоо округу боюнча;
Боронбаев Абдыбахаб Жолдошович - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Маматалиев Марлен Абдырахманович - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Токтошев Эмиль Токтакунович - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
- белгиленген тартипте конкурстук комиссиянын иштөөсү үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.Сыдыгалиев |