Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-апрели № 1092-VII
"2022-жылдын 26-августунда кол коюлган 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2023-жылдын 17-январындагы чыг. № 14-59588) "2022-жылдын 26-августунда кол коюлган 2002-жылдын 7-октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Шакиев |