Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 3-майы № 1142-VII
"2017-жылдын 17-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин ортосунда ноталар менен алмашуу аркылуу киргизилген өзгөртүүлөрдү ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2023-жылдын 10-апрелиндеги чыг. № 15-2768) 2017-жылдын 17-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин ортосунда ноталар менен алмашуу аркылуу киргизилген өзгөртүүлөрдү ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |