Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 19-апрели № 1101-VII
"2022-жылда Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ар жылдык баяндамасы тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 130-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, "2022-жылда Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ар жылдык баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
"2022-жылда Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ар жылдык баяндамасы жактырылган жок деп эсептелсин.
Төрага | Н.Т. Шакиев |