Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 26-январы № 895-VII
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI жана VII чакырылыштарынын депутаттары Г.К.Асылбаева, Т.И.Икрамов, А.Т.Алтыбаева, Б.С.Турусбеков, Э.Т.Токтошев, С.К.Нышанов, М.А.Абдалиев, Г.С.Молдобекова, У.Ч.Исмаилов, А.Алтынбеков, Ж.К.Турускулов, Э.Дж.Байбакпаев, А.Т.Бердиев, Э.С.Тагаев, У.Ч.Садиков, Б.К.Райымкулов, Ш.И.Абдылдаев, А.Ж.Осмонов, Б.Нурдинов, К.Ш.Баймуратов, К.Дж.Рыспаев, А.Ш.Осмонова, Ө.М.Бакиров, Ч.Ч.Урумкалиева, Н.О.Сыдыгалиев, П.Р.Тулендыбаев, Ш.Мажитова, М.А.Маматалиев, М.Ж.Сыдыков, Б.З.Түлөбаев, Л.Х.Лурова, А.Исатбек кызы, У.З.Ормонов, Д.А.Ашимова, А.Т.Сулайманов, Н.Т.Шакиев, К.К.Сулайманов, А.А.Исираилов, Ж.Коргонбай уулу, Ж.Б.Абиров, К.Л.Ханджеза, Ы.Ы.Атажанов, Н.А.Ражабалиев, Ф.Д.Исмаилов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.А.Азыгалиев |