Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому
2023-жылдын 3-майы № 1137-VII
"2022-жылдын 21-июнунда Манама шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2023-жылдын 10-апрелиндеги чыг. № 15-2767) "2022-жылдын 21-июнунда Манама шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бахрейн Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О.Сыдыгалиев |