Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-майы № 1187-VII
“2023-жылдын 31-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Кыргыз Республикасындагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” (KEMS) долбоорун колдоо үчүн Бирдиктүү донордун траст фондунун каражаттарынын администратору катары иш алып баруучу) ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2023-жылдын 31-мартындагы чыг. № 18-2410) “2023-жылдын 31-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Кыргыз Республикасындагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” (KEMS) долбоорун колдоо үчүн Бирдиктүү донордун траст фондунун каражаттарынын администратору катары иш алып баруучу) ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |