Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-майы № 1172-VII
"2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2023-жылдын 22-февралындагы чыг. № 18-6185) "2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъекттерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага |
Н.Т. Шакиев |