Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 31-майы № 1205-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссияны түзүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 138-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адахан Кимсанбаевич Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн төмөнкү курамда атайын депутаттык комиссия түзүлсүн:
К.К.Сулайманов - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
К.Л.Ханджеза - "Мекенчил" парламенттик фракциясынан;
М.Самыйкожо - "Элдик" депутаттык тобунан;
М.О.Темирбаева - "Ишеним" парламенттик фракциясынан;
М.Ж.Сыдыков - "Ынтымак" парламенттик фракциясынан;
Ф.А.Алимжанов - "Альянс" парламенттик фракциясынан;
Г.А.Кожокулова - "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
Д.А.Ашимова - "Ыйман Нуру" парламенттик фракциясынан.
2. Атайын депутаттык комиссия Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен карап чыксын жана Жогорку Кеңештин жакынкы жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн маалымдаманы жана комиссиянын чечиминин долбоорун Координациялык кеңешке жөнөтсүн.
Төрага |
| Н.Шакиев |