Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 31-майы № 1202-VII
“2022-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (жеңилдетилген шарттардагы кадимки операциялар) (Саламаттык сактоо жаатындагы региондук коопсуздукту чыңдоо боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (атайын операциялар) (Саламаттык сактоо жаатындагы региондук коопсуздукту чыңдоо боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы демилгелеген (2023-жылдын 3-апрелиндеги чыг. № 18-2484) “2022-жылдын 7-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (жеңилдетилген шарттардагы кадимки операциялар) (Саламаттык сактоо жаатындагы региондук коопсуздукту чыңдоо боюнча долбоор) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (атайын операциялар) (Саламаттык сактоо жаатындагы региондук коопсуздукту чыңдоо боюнча долбоор) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Н.Т. Шакиев |