Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 8-июнундагы № 1247-VII
«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2023-жылдын 27-майындагы чыг. № 18-4468) «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.К. Акаев, Н.Т. Шакиев, В.К. Раимбачаева, Ч.А. Айдарбеков, Н.Я. Алимжанова, Э.Э. Жамгырчиев, Ж.П. Нурбаев, Ф.А. Алимжанов, Г.С. Молдобекова, А.Т. Түмөнбаев, Н.А. Ражабалиев, М.А. Маматалиев, Б.К. Чойбеков, Т.И. Икрамов, Ө.М. Бакиров, Д.Д. Бекешев, Э.Н. Сулайманов, А.А. Исираилов, А.Б. Кенжебаев, Э.Т. Токтошев, М. Самыйкожо, Н.К. Алимбеков, Н.А. Азыгалиев, Э.Ж. Сурабалдиева, А. Исатбек кызы, А.А. Айдарова, А.Т. Маткеримов, К.А. Талиева, Ш. Мажитова, М.К. Сарбагышев, С.А. Атамбаев тарабынан демилгеленген «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору менен бириктирилсин.
3. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 5 жумуш күндүн ичинде жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |