Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 22-июну № 1333-VII
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Байсалов Э.Ж. жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктун, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүн жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 125-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Байсалов Эдиль Жолдубаевичти кызмат ордунан бошотуу сунушталсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Т. Шакиев |