Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-июнундагы № 1264-VII
«Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Ж. Сурабалдиева, Н.Я. Алимжанова, Б.К. Чойбеков, В.К. Раимбачаева, К.Л. Ханджеза, Н.А. Ражабалиев, А.А. Айдарова, Э.Т. Токтошев, А.Т. Эрбаев, Э.Э. Жамгырчиев, Э.Р. Сатыбалдиев, Ж.Б. Абиров, Д.А. Ашимова, С.А. Айжигитов, Ш. Мажитова, М.А. Маматалиев, А.А. Козуев, Т.И. Икрамов, Ч.И. Ажибаев, А.Т. Түмөнбаев, Ж.П. Нурбаев, Ж.К. Акаев, Ф.А. Алимжанов, М. Самыйкожо, Ч.А. Айдарбеков, Ж. Таалайбек кызы, М.О. Темирбаева, Л.Х. Лурова, Б.З. Түлөбаев, Б.Э. Тентишев, У.Б. Бакасов, Н.А. Азыгалиев, Д.Д. Бекешев, С.А. Атамбаев, А. Исатбек кызы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Н.Т. Шакиев |