Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 21-июну № 1299-VII
“2022-жылдын 1-декабрында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климатка туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоору) жана 2022-жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Инвестициялык грант берүү жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климатка туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун четке кагуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2023-жылдын 29-мартындагы чыг. № 18-2330) “2022-жылдын 1-декабрында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климатка туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоору) жана 2022-жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Инвестициялык грант берүү жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын климатка туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору четке кагылсын.
Төраганын орун басары | Дж.К. Исаева |