Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-июнундагы № 1285-VII
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш. Акматовдун отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш. Акматовдун Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы иши жөнүндө отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жиберилүүчү Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйруктарынын жана сунуштамаларынын аткарылышына туруктуу контролду камсыз кылсын;
- укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүдө бюджеттик каражаттарды толук кайтарууну камсыз кылуу бөлүгүндө финансылык тартип бузууларга жол бергендиги жана жетишсиз иш жүргүзгөндүгү үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтсүн;
- финансылык тартипти бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата талаптарды жогорулатуучу мыйзам актыларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы:
- аудитордук иш-чаралардын сапатын жогорулатуу, бюджеттик мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу, республикалык бюджеттин каражаттарын сапаттуу түзүү жана натыйжалуу пайдалануу, аудиттин эл аралык стандарттарын киргизүү боюнча иштерди улантсын;
- “2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планында” көрсөтүлгөн максаттарга жетишүү жана милдеттерди ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында аныкталган бузуулар боюнча аудит объекттеринин кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттери жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен өз ара аракеттенүүнү күчөтсүн;
- аудит процесстеринин санариптештирүү жана автоматташтыруу чѳйрѳсүн кеңейтсин.
4. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары аудиттердин өткөрүп берилген материалдары боюнча аныкталган финансылык тартип бузуулардын суммаларынын ордун толтуруу боюнча толук чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Дж.К. Исаева |