Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 15-июну № 1278-VII
Кыргыз Республикасында дарыялардын жээктерин суу жеп кетүү менен байланышкан кырсык тобокелдиктеринин алдын алуу жана аларды азайтуу маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А. Азыгалиевдин “Кыргыз Республикасында дарыялардын жээктерин суу жеп кетүү менен байланышкан кырсык тобокелдиктеринин алдын алуу жана аларды азайтуу маселелери жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасында дарыялардын, анын ичинде чек аралар аралык дарыялардын жээктеринде суу жеп кетүүнү болтурбоо, калкты жана аймактарды жээктеги жана суу түбүндөгү эрозиядан коргоону камсыз кылуу, ошондой эле жайыттарды, айыл чарба жерлерин жана башка категориядагы жерлерди жоготуп албоонун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А. Азыгалиевдин “Кыргыз Республикасында дарыялардын жээктерин суу жеп кетүү менен байланышкан кырсык тобокелдиктеринин алдын алуу жана аларды азайтуу маселелери жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине төмөнкүлөр тапшырылсын:
1) жыл сайын республикалык бюджетте «капиталдык салымдар» беренеси боюнча Кыргыз Республикасындагы дарыяларда, анын ичинде чек аралар аралык дарыяларда жээктерди бекемдөө жана авариялык-калыбына келтирүү иштерин каржылоого 300,0 млн сомдон кем эмес каражат кароо, анын ичинен 200,0 млн сомдон кем эмес каражатты Чүй облусундагы Чу дарыясынын жээктерин бекемдөө иштерине жумшоо;
2) жыл сайын учурдагы жылдын акча каражаттарын бюджеттик жылдын башында толук көлөмдө бөлүп берүү;
3) жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй тапшырма берүү:
- Кыргыз Республикасынын аймагында чек аралар аралык дарыялардын жээктерин бойлой коргоочу дамбаларды калыбына келтирүү жана куруу боюнча иштерди ыкчам тартипте уюштуруу;
- жыл сайын учурдагы жылдын сентябрынан кечиктирбестен, келерки жылга суу жеп кетүү коркунучунда турган дарыялардын жээктерин бекемдөө боюнча долбоорлорду тиешелүү долбоордук сметалары менен кошо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берүү;
4) жээктерди суу жеп кетүүгө жана дарыялардын, анын ичинде чек аралар аралык дарыялардын негизги нугунун өзгөрүп кетүүсүнө байланыштуу жайыттарды, айыл чарба жерлерин жана жерлердин башка категорияларындагы аймактарды жоготуп алуу мүмкүндүгүн болтурбоо үчүн зарыл чараларды көрүү, суу жеп кеткен же жеп кетиши мүмкүн болгон жайыттардын, айыл чарба жерлеринин жана башка категориядагы жерлердин участокторуна жыл сайын мониторинг жүргүзүп туруу;
5) жээктерди суу жеп кетүүгө жана дарыялардын, анын ичинде чек аралар аралык дарыялардын негизги нугунун өзгөрүп кетүүсүнө байланыштуу жоголуп бараткан жайыттардын, айыл чарба жерлеринин, башка категориядагы жерлердин аянттарын так эсептөө жана маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберүү;
6) Кыргыз Республикасында дарыялардын нугунда жана жээктеринде кум-шагыл аралашмасын иштетүү менен алектенүүчү чарбакер субъекттер менен дарыялардын жээктерин суу жеп кетүү менен байланышкан кырсык тобокелдиктеринин алдын алуу жана аларды азайтуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунун аткарылышын контролдоо төмөнкүлөргө жүктөлсүн:
- 1 жана 2-пунктчалардын аткарылышы боюнча Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине;
- 3-пунктчанын аткарылышы боюнча Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине;
- 4 жана 5-пунктчалардын аткарылышы боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине;
- 6-пунктчанын аткарылышы боюнча Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетине.
4. Ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери жыл сайын 30-майдан кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине төмөнкүдөй маалыматтарды киргизсин:
- ушул токтомдун 2-пунктунда баяндалган тапшырмалардын аткарылышы боюнча;
- Кыргыз Республикасындагы дарыялардагы, анын ичинде чек аралар аралык дарыялардагы кырдаалдын учурдагы абалы жөнүндө.
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |