Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 29-июну № 1381-VII
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К. Боконтаевдин отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К. Боконтаевдин отчету канааттандырарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
1) макроэкономикалык туруктуулукту сактоо максатында макулдашылган акча-кредиттик жана салыктык-бюджеттик саясатты жүргүзсүн;
2) Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууну улантсын;
3) мобилдик телефон аркылуу QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүнү андан ары өнүктүрүүгө жана жайылтууга көмөктөшсүн;
4) тиешелүү министрликтер жана ведомстволор/кызматтар менен биргеликте накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу чөйрөсүндө мыйзамсыз (лицензиясыз) ишкердик ишке бөгөт коюу үчүн чараларды көрсүн;
5) банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн санариптик инфратүзүмүн өнүктүрүүнү, инновациялык банктык операцияларды жана санариптик төлөм технологияларын киргизүүнү тездетсин;
6) экономиканы өнүктүрүүгө финансылык ресурстарды тартууну активдештирсин;
7) ченемдик укуктук актыларга төмөнкүлөрдү белгилөөчү өзгөртүүлөрдү киргизсин:
- кредиттер боюнча жол берилген пайыздын чектелүү өлчөмүн чектөөнү;
- чегерилген айып пулдардын жана кредит боюнча туумдардын суммалык максималдуу өлчөмүн азайтууну;
- күрөө предметинин наркын рыноктук наркынан 50 пайыздан төмөн эмес баалоо боюнча финансы-кредиттик уюмдарга карата талаптарды;
8) “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдерин жарнама берүүчүлөрдүн сактоосу максатында жарнамалык кулактандырууларга мониторинг жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
1) инфляциянын деңгээлин орто мөөнөттүү мезгилде 5–7 пайыздагы максаттуу көрсөткүчкө чейин төмөндөтүүгө багытталган акча-кредит саясатын жүргүзсүн;
2) инфляциянын монетардык түзүүчүсүн чектөө максатында акча-кредиттик жана салыктык-бюджеттик саясаттарын координацияланган иш-аракеттерде банк системасындагы өтүмдүүлүктү жигердүү жөнгө салууну улантсын;
3) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча иштерди тездетсин;
4) онлайн-тейлеме, накталай эмес төлөм формалары, аралыктан банктык тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүн (интернет-банкинг, мобилдик банкинг, электрондук жана мобилдик тиркемелерди), ошондой эле QR-кодду пайдалануу менен төлөөнү илгерилетүү боюнча иштерин улантсын;
5) калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, Улуттук банктын акча-кредит саясаты жаатында кабыл алынган чечимдери тууралуу туура түшүнүктү калыптандыруу боюнча иш-чаралар жөнүндө коомчулукка маалымат берүүнү жигердүү аткарсын;
6) банк чөйрөсүндө жаңы финансылык технологияларды өнүктүрүүгө көмөктөшө турган тиешелүү стандарттарды жана жөнгө салуу ченемдерин киргизүү же кайра карап чыгуу жолу менен Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларында мурда көрсөтүлбөгөн инновациялык банк операцияларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүүгө көмөктөшсүн;
7) санариптик төлөм технологияларын жигердүүрөөк өнүктүрсүн, санариптик сомду иштеп чыгууну жана аны кийин апробациялоо үчүн технологиялык платформаны тандоону тездетсин;
8) ишкерлердин Дүйнөлүк банк линиясы боюнча бөлүнгөн жана коммерциялык банктар аркылуу берилүүчү каражаттардын эсебинен пайызсыз кредиттерди алуусуна тоскоолдук болгон учурда, алар Улуттук банкка кайрылганда, банктардын жоопкерчилигин карасын;
9) коммерциялык банктардын интернет сайттарын, мобилдик тиркемелерин көрүүсү начар жарандардын пайдалануусуна шарттарды түзүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын;
10) майыптуулугу бар жана улгайган жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Т. Шакиев |