Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 22-июну № 1316-VII
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.К.Акаев, Исатбек кызы А., Э.Н.Сулайманов, А.А.Айдарова, Г.С.Молдобекова, М.Самыйкожо, Р.Ш.Жакышов, Н.Я.Алимжанова, М.Дж.Саккараев, Д.Д.Бекешев, А.Т.Түмөнбаев, Б.У.Сыдыков, В.К.Раимбачаева, Н.А.Нарматова, Ф.А.Алимжанов, А.А.Исираилов, А.Т.Маткеримов, Ж.С.Кыдыкбаев, Ө.М.Бакиров, К.А.Талиева, Т.А.Масабиров, Н.А.Ражабалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Н.Т.Шакиев |