Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 22-июну № 1330-VII
"Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдук берилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 20-апрелинде кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы четке кагылды деп эсептелсин.
Төраганын орун басары | Дж.К.Исаева |