Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 14-июну № 1266-VII
Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледж жөнүндө
Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледж жогорку квалификациялуу спортчуларды, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командаларынын мүчөлөрүн, Азиянын, дүйнөнүн чемпиондорун жана Олимпиадалык оюндардын байге ээлерин жыл бою адистештирилген даярдоону камсыз кылат, "Дене тарбия жана спорт" адистиги боюнча жогорку квалификациялуу кадрларды даярдайт, алар кийин биздин өлкөнүн спорттук жана жалпы билим берүү мекемелеринде иштеп, өз кезегинде дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасында сергек жашоо образын пропагандалоого өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командаларынын резервин сапаттуу даярдоо, өлкөдө дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык спорттук аренада жогорку спорттук натыйжаларга жетишүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөргө финансы каражаттарын бөлүп берүү боюнча төмөнкүдөй чараларды көрсүн:
- Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледждин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга;
- колледждин окуучуларынын тамактануусунун акчалай ченемин 500 сомго чейин көбөйтүүгө;
- спорт комплексинин желдетүү системасын оңдоо иштерин жүргүзүүгө, спорт комплексинин (эркин күрөш жана гимнастика залдары) жана окуу корпусунун терезелерин алмаштырууга, жылытуу системасын оңдоого;
- спорттун түрлөрү боюнча окуу-машыгуу сабактарын жүргүзүү үчүн жогорку квалификациялуу спортсмендерди даярдоонун заманбап талаптарына ылайык, спорттук инвентарларды жана жабдууларды сатып алууга;
- спорттук медициналык кабинетти зарыл болгон медициналык жабдуулар (электрондук микроскоп, рентген аппараты, электрокардиограф (ЭКГ), медициналык аспаптарды зыянсыздандыруу үчүн кургатып ысытуучу шкаф, медициналык кварц шкафы) менен жабдууга;
- окутуу процессинин натыйжалуулугу үчүн компьютердик техниканы жана окуу адабияттарын сатып алууга.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Н.Т.Шакиев |