Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 7-июну № 1228-VII
"Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына орнотулушу жана/же колдонулушу мүмкүн болгон жабдуулардын предметтери жана бөлүктөрү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун макулдашылган техникалык эрежелерин кабыл алуу жөнүндө жана 1958-жылдын 20-мартында Женева шаарында түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюмунун ушул эрежелеринин негизинде берилген расмий бүтүмдөрдү өз ара таануунун шарттары тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2023-жылдын 6-мартындагы чыг. № 18-1549) "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттары, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына орнотулушу жана/же колдонулушу мүмкүн болгон жабдуулардын предметтери жана бөлүктөрү үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун макулдашылган техникалык эрежелерин кабыл алуу жөнүндө жана 1958-жылдын 20-мартында Женева шаарында түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюмунун ушул эрежелеринин негизинде берилген расмий бүтүмдөрдү өз ара таануунун шарттары тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Н.О.Сыдыгалиев |