КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 9-сентябры ПЖ № 201
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 29-январындагы "Россия Федерациясынын "Первый канал. Всемирная сеть" программасын Кыргыз Республикасынын аймагында ретрансляциялоо маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65, 88-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 29-январындагы № 14 "Россия Федерациясынын "Первый канал. Всемирная сеть" программасын Кыргыз Республикасынын аймагында ретрансляциялоо маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул Жарлыктан келип чыккан чараларды көрүү сунушталсын.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент | А. Атамбаев |