КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 17-марты ПЖ № 59
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Курактык чегине жеткенге чейин төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:
Абдраимов Азамат Жармаматович;
Абылакимов Абдимиталип Абдибалиевич;
Камбаров Шаршенбек Кашкарлыкович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | С. Жээнбеков |