Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 17-марты ПЖ № 58
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Абдраимов Азамат Жармаматович, Абылакимов Абдимиталип Абдибалиевич, Алаев Мухамед Абдивалиевич, Арзыбаев Алмазбек Субаналиевич, Джапакбаев Кадырали Джоробекович, Исамидинов Данияр Илиязович, Камбаров Шаршенбек Кашкарлыкович, Кожобекова Гульмира Турдумаматовна жана Токтогулова Гульзада Токторбаевна Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, алардын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 7-мартынан тартып токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | С. Жээнбеков |