Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 14-февралы ПЖ № 38
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Талас облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Абдиева Замира Мунарбековна жана Ибраимов Молдозак Исмаилович, Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Жакыпбаев Шералы Жакыпбаевич жана Таштемиров Акрамжан Набиевич, ошондой эле Нарын облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Сарымсаков Усенбек Жумашович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча бошотулуп, алардын аталган соттордогу судьялык ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент | С. Жээнбеков |