Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 29-майы №328
1999-жылы 3-мартта Рим шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
1999-жылы 3-мартта Рим шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун 8-статьясына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: 1999-жылы 3-мартта Рим шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Туризм жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги италия тарапка ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик Макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | И.Чудинов |