КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 1-февралы ПЖ № 13
Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Чүй облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Чүй облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары жиберилсин:
Джумагулов Азамат Кадырбекович;
Джунушпаев Кыдык Карыбаевич;
Кадырова Гульназ Кубанычбековна;
Онолбеков Дамирбек Мадылбекович;
Садырбеков Улан Маданбекович;
Чекирова Асель Мелисовна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | С. Жээнбеков |