Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 1-февралы ПЖ № 11
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Айжигитов Дастанбай Абдирашитович, Джумагулов Азамат Кадырбекович, Джунушпаев Кыдык Карыбаевич, Исаев Нурбек Рустамбекович, Кадырова Гульназ Кубанычбековна, Кадыркулова Алма Камчыбековна, Курманбаев Жекшеналы Анарбекович, Онолбеков Дамирбек Мадылбекович, Садырбеков Улан Маданбекович, Турумбекова Джилдыскан Насыркановна, Чекирова Асель Мелисовна Чүй облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, алардын Чүй облустук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 23-январынан тартып токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент | С. Жээнбеков |