КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 1-февралы ПЖ № 12
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Чүй облустук сотунун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Курактык чегине жеткенге чейин төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:
Джумагулов Азамат Кадырбекович;
Джунушпаев Кыдык Карыбаевич;
Кадырова Гульназ Кубанычбековна;
Онолбеков Дамирбек Мадылбекович;
Садырбеков Улан Маданбекович;
Чекирова Асель Мелисовна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | С. Жээнбеков |