Редакцияот 22.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2018-жылдын 22-январы ПЖ № 9

Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Бишкек шаардык сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Бишкек шаардык сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары жиберилсин:

Албанова Джумагуль Кубегеновна;

Алыбаев Азамат Артельевич;

Горшковская Ирина Вадимовна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

С. Жээнбеков