Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 22-январы ПЖ № 7
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Албанова Джумагуль Кубегеновна, Алибаев Акматали Имаралиевич, Алыбаев Азамат Артельевич, Бранчаева Сания Измаиловна, Горшковская Ирина Вадимовна, Мулюкбаева Диляра Абдрахмановна, Мурзалиева Жыргал Нуржановна жана Рыбалкина Антонина Дмитриевна Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, алардын Бишкек шаардык сотунун судьяларынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 17-январынан тартып токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент | С. Жээнбеков |