ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2018-жылдын 9-январындагы ПЖ № 1 «И.М.Айтбаева жана М.М.Токтомушев жөнүндө» жарлыгы

Редакция09.01.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2018-жылдын 9-январы ПЖ № 1

И.М.Айтбаева жана М.М.Токтомушев жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык

токтом кылам:

1. Чүй облустук сотунда судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Айтбаева Индира Мукашевна жана Ош облустук сотунда судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Токтомушев Мамасалы Мырзашевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, алардын аталган соттордогу судьялык ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

С. Жээнбеков