Редакцияот 27.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2018-жылдын 27-февралы ПЖ № 43

Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Ош облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Ош облустук сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары жиберилсин:

Абдылдаев Алмазбек Жолдошбекович;

Кубатов Айвар Эсенкулович;

Шамшиев Абдрасул Абдрахманович.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

С.Жээнбеков