Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 27-февралы ПЖ № 41
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Ош облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Абдылдаев Алмазбек Жолдошбекович, Аширбаев Исламидин Маматович, Каримова Рахат Абдылдаевна, Кубатов Айвар Эсенкулович, Мадмарова Эльнара Абдувалиевна, Масабирова Тарифа Жаанбаевна, Салиев Калыгул Абдылдаевич, Шамшиев Абдрасул Абдрахманович жана Эгембердиева Аида Ураимжановна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, алардын Ош облустук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 22-февралынан тартып токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент | С. Жээнбеков |