КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 19-февралы ПЖ № 39
Б.С.Асанбаев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17 жана 27-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ысык-Көл облустук сотунун судьясынын кызматында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзгөн Асанбаев Болот Султанович курактык чегине жеткендигине байланыштуу анын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 7-февралынан тартып токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | С. Жээнбеков |