Редакцияот 02.03.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2018-жылдын 2-марты ПЖ № 45

М.Т.Жолдошалиев жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Жолдошалиев Мидин Турдумаматович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

 

С.Жээнбеков