Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы №335 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында токой-аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү ТАРТИБИ
1. Бул Тартипте колдонулчу түшүнүктөр жана аныктамалар
2. Токой жана аңчылык жайгаштыруунун жалпы жоболору
3. Токой-аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү тартиби
Бул Кыргыз Республикасында токой-аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Токой кодексине ылайык иштелип чыккан жана менчигинин формасына жана ведомстволук тиешесине карабастан токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын (мындан ары - ӨКЖА) жерлеринде жана аңчылык үчүн жерлерде токой жайгаштырууну аныктайт.
Автордук көзөмөл - токой жана аңчылык чарба боюнча ишти жөнгө салуучу токой жайгаштыруу долбоорлорунун аткарылышына контроль.
Аңчылык жерлерди бонитировкалоо - аңчылык чарбада, анын бөлүмүндө, обходунда, токойчулукта жерлердин сапатынын жалпыланган баасы.
Чарба ичиндеги аңчылык жайгаштыруу - ушул Тартип менен белгиленген, иштеп жаткан аңчылык чарбаларды өнүктүрүү үчүн ревизияланчу мезгилге карата долбоордук-техникалык документтерди иштеп чыгуу боюнча жумуштардын комплекси.
Геодезиялык материалдар - карталарды түзүү жана объекттердин ордун картадан кеңдик, узундук жана абсолюттук бийиктик боюнча табуу үчүн геодезиялык сүрөткө тартуулардын натыйжасында алынган материалдар.
Мамлекеттик аңчылык фонду - алар жашаган аймак кимдин пайдалануусунда экенине карабастан табигый шартта жашаган, ошондой эле көбөйтүү максатында аңчылык жерлерге кое берилген бардык жапайы жаныбарлар, куштар, сойлоп жүрүүчүлөр, сууда-кургакта жашоочулар.
Кварталдык тармак - мамлекеттик токой фондунун жерлеринде, ӨКЖАда, муниципалдык жана жеке менчикте турган токойлордо токой фондун инвентаризациялоо, токой чарба жүргүзүүнү жана токой пайдаланууну уюштуруу максатында түзүлчү токой кварталдарынын системасы.
Токой-аңчылык жайгаштыруу - эсепке алуу жумуштарынын адистештирилгин түрү, ал токой жайгаштыруудан жана аңчылык жайгаштыруудан турат.
Токой жайгаштыруу - токой чарба ишинин адистештирилген түрү, ал токойлорду корууга, сактоого, көбөйтүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга, токой чарба жүргүзүү маданиятын жогорулатууга багытталган иш-чаралар системасын иштеп чыгууну камсыздайт.
Токой жайгаштыруу долбоору (башкаруу планы) - жайгаштырылчу объектте токой жайгаштыруунун жыйынтыктары боюнча ревизиялык мезгилге карата иштелип чыкчу документтер пакети.
Токой жайгаштыруу кеңешмелери - токой жайгаштыруу жумуштарын жакшылап уюштуруу, аларды аткаруунун өзгөчөлүктөрүн ар тараптуу талдоо максатында өткөрүлчү кеңешмелер.
Чарбалар аралык аңчылык жайгаштыруу - Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы аңчылык чарбалардын уюштурулушун негиздөө боюнча жумуштардын комплекси.
Аңчылык жайгаштыруу - жапайы жаныбарларды корууга, сактоого, көбөйтүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга, бекитип берилген жерлердин аймактарын аңчылык чарба жүргүзүү үчүн жарактуу абалда кармоого багытталган иш-чаралардын системасын иштеп чыгууну камсыздоочу аңчылык чарба ишинин адистештирилген түрү.
Аңчылык жерлер - таандыктыгына карабастан жапайы жаныбарлар жана канаттуулар үчүн жашоо чөйрөсү болгон же боло алуучу жер жана токой аймактары, тоо массивдери, суу мейкиндиктери жана саздар.
Аңчылык чарба - узак мөөнөттүү ижара укугунда бекитип берилген аймагы бар, ал аймакта спорттук жана чет өлкөлүк аңчылык ишке ашырылчу жана жаныбарларды корууга, көбөйтүүгө жана санын оптималдуу же жерлердин экологиялык сыйымдуулугунан ашпаган деңгээлде сактоого багытталган аңчы чарбалык жана биотехникалык иш-чаралардын комплекси аткарылуучу уюм.
Пландык-картографиялык материалдар - токойлордун, аңчылык жерлердин толук мүнөздөмөсүн камтыган, максаттык арналышына жараша масштабы, топографиялык же атайын жүктөмдөрү боюнча айырмаланчу картографиялык материалдар.
Чарба ичиндеги аңчылык жайгаштыруу көрсөткүчү - аңчылык чарбаны жүргүзүүнүн ургаалдуулугуна жараша долбоорлоо иштеринин көлөмүн жана алардын наркын аныктоочу көрсөткүч.
Таксациялык материалдар - токой кварталына түзүлчү, ар бир таксациялык бөлүндүнүн толук мүнөздөмөсүн жана анда белгиленген чарбалык иш-чараларды, ошондой эле жалпы токой кварталынын токой өсүмдүктөрүнүн жана жерлеринин категорияларынын өзгөчөлүктөрүнүн жалпыланган мүнөздөмөсүн камтычу ведомосттор.
Аңчылык жерлердин технологиясы - аймактарды фитоценологиясынын, кыртышынын жана жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрү жашай алчу башка окшоштуктары боюнча бириктирчү классификациялык бирдиктер боюнча жерлерди ири участокторго бөлүү.
Токойду инвентаризациялоо - өсүмдүктөрдүн таксациялык көрсөткүчтөрүн (жашы, диаметри, бийиктиги ж.б.) аныктоо.
Бөлүндүлөрдү баалоо - бөлүндүлөрдүн актуалдык абалын талаалык шартта керектүү токой чарбалык иш-чараларды пландаштыруу менен баяндоо.
1. Токой жана аңчылык жайгаштыруу өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт, алар:
- пайдалануусунда токой фондунун участоктору бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын аймактарынын чек араларын жана ички чарбалык уюштурулушун аныктоо;
- топографиялык-геодезиялык жумуштарды жана токойлорду картографиялоону аткаруу;
- өсүмдүктөрдүн тектик жана жаш-курактык курамын, алардын абалын, токой ресурстарынын сапаттык жана сандык касиеттерин аныктоо менен токой фондун инвентаризациялоо;
- токой фондунун багуучу кыюуларды, санитардык жана токойду калыбына келтирүүчү кыюуларды, чарбалык жактан баасы аз токой өсүмдүктөрүн реконструкциялоого байланыштуу кыюуларды жүргүзүү зарыл болгон участокторун аныктоо;
- токойлорду коруу жана сактоо, токойду калыбына келтирүү, токой тигүү жана өстүрүү, мелориациялоо жана башка токой чарбалык жумуштарды жүргүзүү, ошондой эле аларды жүргүзүүнүн көлөмүн, ыкмаларын жана тартибин аныктоо боюнча иш-чаралардын системасы;
- токойлорду корголушу боюнча категорияга бөлүүнү негиздөө жана токойлорду коргоонун бир категориясынан башкасына которуу боюнча сунуштарды даярдоо;
- эсепке алынчу токой бөлүктөрүн өнөр жайлык плантацияларды, багуу үчүн кыюулардын, санитардык кыюулардын, аз баалуу токой өсүмдүктөрүн реконструкциялоого байланыштуу кыюулардын өлчөмдөрү боюнча эсептөө;
- токой пайдалануунун жана экинчи даражадагы токой ресурстарын камдоонун өлчөмдөрүн, аңчылык чарбанын, маданий-ден соолукту чыңдоочу, туристтик жана спорттук максаттарда керектөөлөр үчүн токой фондун пайдалануунун көлөмүн аныктоо;
- токойлук-биологиялык жана башка изилдөөлөр жана иликтөөлөр;
- токой чарбасын уюштуруу жана өнүктүрүү боюнча негизги жоболорду түзүү;
- токой чарбасын өнүктүрүүнүн долбоордук-техникалык документтерин иштеп чыгуу;
- токой жайгаштырууда иштелип чыккан долбоорлордун ишке ашырылышына автордук көзөмөл;
- геологиялык-чалгындоо жана изилдөө жумуштарына экономикалык эсептөөлөрдү берүү менен эксперттик корутунду жасоо үчүн долбоордук-изилдөө жумуштары;
- башка токой жайгаштыруу иштери.
2. Аңчылык жайгаштыруу өзүнө төмөнкүдөй иш-чаралардын системасын камтыйт, алар:
- жерлерди инвентаризациялоо жана баалоо;
- аймактардын чектерин белгилөө жана бөлүктөргө бөлүштүрүү;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин эсепке алуу;
- картографиялык-геодезиялык жумуштарды аткаруу жана аңчылык чарбаларды картографиялоо;
- жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;
- долбоордук-техникалык документтерди иштеп чыгуу;
- аңчылык чарбаларды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо;

3. Алгачкы, кийинки жана үзгүлтүксүз токой жайгаштыруу болуп бөлүнөт. Алгачкы токой жайгаштыруу мурда жүргүзүлө элек токой фондунда жүргүзүлөт. Кийинки токой жайгаштыруу ревизиялык мезгилдерге ылайык мурда жайгаштырылган объекттерде жүргүзүлөт. Ревизиялык мезгилдер республиканын токойлук экосистемаларынын касиеттерине жараша белгиленет:
- жаңгак-жемиштүү токойлордо - 10 жылда бир жолу;
- карагай токойлордо - 10 жылда бир жолу;
- аңчылык жерлерде - 10 жылда бир жолу;
- арча токойлордо - 15 жылда бир жолу;
- суу боюндагы токойлордо - 15 жылда бир жолу;
- ӨКЖА аймагында - 20 жылда бир жолу.
4. Үзгүлтүксүз токой жайгаштырууда мамлекеттик токой фондунун, муниципалдык жана жеке токойлордун абалы, аткарылган токой чарбалык иш-чаралардын көлөмү жана сапаты, токой пайдалануунун түрлөрү жана көлөмү жөнүндө маалыматтар жыл сайын чогултулуп жана иштетилет, ошондой эле токой пайдалануунун кийинки жылда жол берилчү объекттери жана көлөмдөрү аныкталат. Үзгүлтүксүз токой жайгаштырууну токой фондунун, ӨКЖАнын менчик ээлери жүргүзүшөт.
5. Чарбалар аралык жана чарба ичиндеги аңчылык жайгаштыруу деп бөлүнөт. Чарба ичиндеги аңчылык жайгаштыруу эки разряд боюнча жүргүзүлөт. I разряд боюнча мамлекеттик аңчылык, токой-аңчылык чарбаларда, заказниктерде, мамлекеттик жаратылыштык улуттук парктарда ж.б. жүргүзүлөт. II разряд боюнча тажрыйбалык, тажрыйбалык-көрсөтмөлүк, коомдук жана жеке менчик аңчылык чарбаларда жүргүзүлөт. Чарба ичиндеги аңчылык жайгаштыруу жүргүзүлмөйүнчө аңчылыкты уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынат.
Чарбалар аралык аңчылык жайгаштыруу жаңы аңчылык чарбаларды уюштуруу үчүн жерлерди тандоо жана аны өнүктүрүү үчүн багытты тандоо максатын көздөйт. Чарбалар аралык аңчылык жайгаштыруу жүргүзүлмөйүнчө аңчылык чарбаларды уюштурууга тыюу салынат.
6. Токой-аңчылык жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондунун, ӨКЖАлардын жерлеринде, муниципалдык жана жеке менчикте турган токойлордо (жайгаштырылчу объекттер), ошондой эле аңчылык чарбаларга бекитип берилген бардык аңчылык жерлерде (коомдук, жеке) жүргүзүлөт.
7. Токой-аңчылык жайгаштыруу токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын токой-аңчылык жайгаштыруучу уюму тарабынан токой фондунун, ӨКЖАнын жана токой жерлердин менчик ээлери менен келишим түзүү жолу менен ишке ашырылат.
8. Токой-аңчылык жайгаштыруу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен тийиштүү финансылык жылга каралган каражаттын чегинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке аңчылык чарбалардын каражаттарынын эсебинен, ошондой эле башка булактардын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
9. Аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү методологиясы токой чарбаны башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
10. Токой-аңчылык жайгаштыруу жумуштарынын мөөнөтү 2 жыл улантылат жана өзүнө төмөнкүдөй жумуштарды камтыйт:
- даярдоо жумуштары;
- талаа жумуштары;
- камералык жумуштар.
11. Даярдоо жумуштары талаа жумуштарынан мурда, төмөнкүдөй жолдор менен жүргүзүлөт, алар:
- жайгаштырылчу объекттин болгон чек арасын, администрациялык-чарбалык чек арасын аныктоо;
- мурунку токой жайгаштыруунун таксациялык, геодезиялык жана пландык-картографиялык материалдарын чогултуу жана талдоо;
- жайгаштырылчу объекттин кварталдык тармагынын долбоорун түзүү;
- чек аралык жана кварталдык мамыларды кайра калыбына келтирүүнүн керектүү көлөмүн аныктоо;
- зарыл болсо токой-таксациялык материалдарды жана жер пайдалануу жана жерге ээлик кылуу боюнча башка нормативдик материалдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Мамкаттоо) жергиликтүү органдарынан топтоо;
- токой жайгаштырчу уюмдун жана жайгаштырылчу объекттин инженердик-техникалык кызматкерлерин коллективдүү машыктыруу үчүн объекттерди даярдоо;
- токой жайгаштырууну өткөрүүгө смета түзүү.
12. Талаа жумуштары төмөнкүдөй жолдор менен жүргүзүлөт, алар:
- токой жайгаштырчу уюмдун жана жайгаштырылчу объекттин инженердик-техникалык кызматкерлери менен коллективдүү машыгуу (окутуу) өткөрүү;
- топографиялык жана геодезиялык жумуштарды жүргүзүү;
- кварталдык жана чектик мамыларды орнотуу (жоголгондорунун ордуна);
- туруктуу сынамык аянттарды белгилөө жана аспаптык өлчөө жолу менен токойлорго ылгама-статистикалык инвентаризация жүргүзүү;
- бөлүндүлөрдүн абалын баяндоо (баалоо) жана ал бөлүндүдөгү керектүү токой-аңчылык чарбалык иш-чараларды пландоо;
- бөлүндүлөрдүн абалын баяндоону (баалоону) токой-аңчылык жайгаштыруу уюмунун адистери жайгаштырылчу объекттин токойчулары менен чогуу аткарышы;
- токойдун өсүшүнүн жана абалынын өзгөчөлүктөрүн, токой өсүмдүктөрүнүн табигый жаңылануусун изилдөө;
- токой-аңчылык жайгаштыруу долбоорун иштеп чыгуу үчүн керектүү материалдарды чогултуу;
- аңчылык чарбалардын өсүмдүктөр катмарына инвентаризация жүргүзүү;
- аңчылык чарбаларда бонитировкалоо жана типтештирүү жүргүзүү;
- аңчылык чарбалардын аймактарында бөлүндүлөр боюнча тармакты түзүү;
- жапайы жаныбарлардын жана куштардын эсебин алуу;
- убактылуу жана сезондук жумуштарга жумушчуларды жалдоо.
13. Камералык жумуштар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт, алар:
- токой ресурстарынын бөлүндүлөр боюнча маалыматтар базасын түзүү жана иштетүү;
- ГИС-технологияны пайдалануу менен пландык-картографиялык материалдарды иштеп чыгуу;
- токой-аңчылык жайгаштыруу долбоорлорун иштеп чыгуу.
14. Токой-аңчылык жайгаштыруу долбоорунда (башкаруу планында) өткөн ревизиялык мезгилде токой жана аңчылык чарба жүргүзүүлөргө жана токой фондун, аңчылык жерлерди пайдаланууга баа берилет; жүргүзүлгөн иш-чаралардын токой жана аңчылык фонддорунун абалына тийгизген таасири көрсөтүлөт; токой жана аңчылык чарбаны өнүктүрүүнү уюштуруунун негизги принциптери, токойду багуу, өрттөн сактоо, токойду зыянкечтерден жана илдеттерден сактоо боюнча иш-чаралардын комплекси жана башка токой чарбалык иш-чаралар иштелип чыгат; токой пайдалануунун түрлөрү жана көлөмү аныкталат.
15. Токой-аңчылык жайгаштыруу долбоорлору түшүндүрмө катты, долбоорлончу иш-чаралардын ведомостторун, сынамык аянттардын таксациялык баяндамаларын, жыйнак ведомостторун, аңчылык жерлерди бонитировкалоонун жыйнак ведомостторун камтыйт. Токой жайгаштыруу долбоорунун курамына ошондой эле токой жайгаштыруу планшеттери, токойчулуктун пландары аларда обходдордун жана техникалык участоктордун чектерин көрсөтүү менен киргизилет (басымдуулук кылган тектер жана жаш курак топтору боюнча, долбоорлончу иш-чаралар боюнча, эксплуатациялык, эксплуатациялык эмес зоналарды аймактык жайгаштыруу боюнча боелот). Жайгаштырылчу объекттин карта-схемалары, өрткө каршы иш-чаралардын, эксплуатациялык зоналардын, табигый жаңылануунун карта-схемалары жана ижарага берилчү участоктордун карталары даярдалат.
16. Токой-аңчылык жайгаштыруу долбоорлорун токой-аңчылык жайгаштыруучу уюм токой фондунун же ӨКЖАлардын, аңчылык жерлердин менчик ээлери менен бирдикте иштеп чыгып, Мамкаттоонун райондук органдары менен макулдашылат жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болсо токой чарбаны башкаруучу мамлекеттик органда бекитилет.
17. Токой-аңчылык жайгаштырууну уюштуруу жана жүргүзүү үчүн эки токой-аңчылык жайгаштыруу кеңешмеси өткөрүлөт: биринчиси - талаа жумуштары башталаардан бир айдан кем эмес мурдатан жана экинчиси - токой жана аңчылык чарбаларды жүргүзүү долбоорунун негизги бөлүмдөрүн иштеп чыккандан кийин өткөрүлөт.
Токой-аңчылык жайгаштыруу кеңешмелери Кыргыз Республикасынын токой чарбаны башкаруучу мамлекеттик органынын жетекчилигине макулдашуу боюнча чакырылат. Токой-аңчылык жайгаштыруу кеңешмелерин өткөрүүнүн конкреттүү датасы, аларга катышуучулардын персоналдык курамы, аларга керектүү материалдарды берүүнүн мөөнөтү кызыкдар тараптардын ортосунда макулдашуу боюнча белгиленет.
18. Кеңешменин катышуучулары токой-аңчылык жайгаштыруу кеңешмелерине карата даярдалган баяндамалардын тексттери менен мурдатан тааныштырылууга тийиш.
19. Биринчи токой-аңчылык жайгаштыруу кеңешмесинде токой ишканасынын, ӨКЖАнын, аңчылык чарбанын директору же башкы токойчусу баяндама жасайт, кошо чыгып баяндама жасоочу токой-аңчылык жайгаштыруу уюмунан долбоордун автору болот.
Бул кеңешмеде жайгаштырылчу объектте токой-аңчылык жайгаштыруу жумуштарын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү аныкталат жана төмөнкүдөй негизги маселелер каралат:
- даярдоо жумуштары жөнүндө отчет;
- токой жайгаштыруу объектинин токойлорунун токойдун топторуна жана корголуу категорияларына, тоо жана түз бөлүктөргө бөлүштүрүлүшү;
- жайгаштырылчу объекттин жандаш пайдалануучулар менен чек араларын юридикалык тариздөө;
- токой жайгаштыруу белгилеринин абалы, аларды кыюу, тазалоо, орнотуу боюнча жумуштардын көлөмү, аларды аткаруунун тартиби;
- жайгаштырылчу объекттин аймагында токой жайгаштырууну уюштуруунун долбоору;
- токой жайгаштыруу объектиндеги экологиялык абал, табигый чөйрөнү булгоонун негизги булактары;
- токойдун таксациясынын жана токойлордун, токой ресурстарынын айрым түрлөрүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен токой чарба иштерин дайындоонун өзгөчөлүктөрү;
- токой жайгаштыруу жумуштарынын нормативдик-маалыматтык материалдар менен камсыздыгы, мурунку токой жайгаштырууларда болгон сынамык аянттардын жана илимий-изилдөөчү жумуштардын болгондугу, туруктуу жаңы сынамык аянттарды белгилөө зарылдыгы;
- кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү пайдаланууга (ижарага) берилген же берүүгө дайындалган токой фондунун участоктору жөнүндө маалыматтар;
- токойду орто аралык пайдалануудагы кыйылчу участоктор, кыюулардын бекитилген планы бар экендиги, токойду эксплуатациялоону өнүктүрүүнүн келечек пландары;
- токойлорду транспорттук өздөштүрүү схемасы же транспорттук жолдорду жайгаштыруунун, куруунун жана реконструкциялоонун кезектүүлүгүнүн схемасы бар экендиги;
- мурунку токой жайгаштыруунун токой жайгаштыруу планшеттеринин абалы, алардын жаңы карталарды түзүү үчүн жарактуулугу;
- токой жайгаштыруу жумуштарынын жумушчу күч, транспорттук каражаттар, азык-түлүк, турак жай менен камсыздыгы; токой чарбалык ишканалардын жана токойчулуктардын кызматкерлеринин токой жайгаштыруу жумуштарына катышуусу;
- токой жайгаштыруу жумуштарынын аларды аткаруу тартибин тактоочу башка техникалык өзгөчөлүктөрү, ошондой эле токой жайгаштыруу жүргүзүүгө тапшырма-наряддын долбоору.
Жогоруда көрсөтүлгөн бардык маселелер боюнча кабыл алынган чечимдер биринчи токой жайгаштыруу кеңешмесинин протоколунда жазылат, ал токой жайгаштыруу жумуштарынын сметасын түзүү жана конкреттүү объектте токой жайгаштыруу үчүн келишимге негиз болот.
20. Экинчи токой-аңчылык жайгаштыруу кеңешмесинде токой-аңчылык жайгаштыруу уюмунан долбоордун талаа жумуштарына жетекчилик кылган автору баяндама жасоочу болот.
Анда талаалык жана камералык жумуштардын натыйжалары каралат жана төмөнкүдөй негизги маселелер макулдашылат:
- токой ишканасынын юридикалык жактан туура аныкталган, Мамкаттоонун райондук башкармасы менен макулдашылган тышкы жана ички чек аралары;
- токой ишканасынын аймагын уюштуруу (токойчулуктарга, бөлүктөргө, эксплуатациялоо зоналарына, корголуу категориясынын зоналарына бөлүү);
- токой фондунун жана аңчылык жерлердин сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү;
- токойлорду инвентаризациялоонун, жаныбарлар дүйнөсүн эсепке алуунун жыйынтыктары;
- бөлүктөрдү баалоонун жана токой чарбалык иш-чараларды пландаштыруунун натыйжалары;
- акыркы ревизиялык мезгилдеги токой чарбалык, биотехникалык жана башка жумуштарга талдоо, токой өсүмдүктөрү баскан участокторду изилдөөнүн жыйынтыктары, питомниктерди, токой бөлүктөрүн изилдөөнүн жыйынтыктары;
- алдыдагы ревизиялык мезгилге карата пландаштырылчу токой чарбалык жана биотехникалык жумуштардын көлөмү, алардын улуттук пландарга ылайыктыгы жана токой ишканаларынын жана аңчылык чарбалардын мүмкүнчүлүктөрү;
- картографиялык материалдар;
- бөлүктөр жана кварталдар боюнча таксациялык ведомосттор;
- ошол объект боюнча аткарылган токой жайгаштыруу жумуштарынын башка өзгөчөлүктөрү.
Экинчи токой жайгаштыруу кеңешмесинде кабыл алынган чечимдер кеңешменин протоколуна жазылат, ал токой жайгаштыруу долбоорунун акыркы вариантын түзүү үчүн негиз болот.
21. Автордук көзөмөлдү токой чарбаны башкаруучу республикалык мамлекеттик орган пландаштырат жана токой жайгаштыруу жүргүзүлгөн убактан бери ревизиялык мезгилдин жарымы, бирок 5 жылдан кем эмеси өткөн бардык токой жайгаштырылган объекттерде жүргүзүлөт. Аны долбоорду түзүүчү токой-аңчылык жайгаштыруучу уюмдар аткарышат.
Автордук көзөмөл Кыргыз Республикасынын токой чарбаны башкаруучу республикалык мамлекеттик органы белгилеген тартипте жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын токойлоруна мониторинг жүргүзүү ТАРТИБИ

2. Жалпы жоболор
3. Токойлорду мониторингдөөнүн тартиби
Бул Кыргыз Республикасынын токойлоруна мониторинг жүргүзүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Токой кодексине ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын токойлоруна мониторинг жүргүзүү тартибин аныктайт.
Абалды талдоо жана баалоо - убакыт боюнча токойдун абалында болгон өзгөрүүлөрдү аныктоо үчүн жүргүзүлчү изилдөө.
Токойдун абалынын критерийлери жана индикаторлору - токойлордун абалы жана пайдаланылышы жөнүндө коомчулукту туура маалымат менен камсыздоо үчүн дүйнөлүк шериктештик сунуш кылган, токойлордун абалы токойлорду туруктуу башкаруунун принциптерине ылайыктуулугун талдоо жана баалоо үчүн иштелип чыккан көрсөткүчтөрдүн системасы.
Токойлорго мониторинг - токойлорду натыйжалуу коруу, сактоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында токой фондунун абалын жана өзгөрүү динамикасын байкоонун, баалоонун жана болжолдоонун системасы.
Токойдун патологиясына мониторинг - токойго мониторингдин подсистемасы, ал өзүнө токойлордун патологиялык жана санитардык абалы жөнүндө маалыматтарды, токой зыянкечтеринин жана илдеттеринин чордондору пайда болушун жана таралышын көзөмөлдөөнүн маалыматтарын, токойлордун башка табигый жана антропогендик жагымсыз факторлордон бузулушу жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
Токой өрттөрүнө мониторинг - токойду мониторингдөөнүн подсистемасы, ал өзүнө токойлордун күйүү опурталдуулугун, токойдогу өрттөрдүн болуу динамикасын туруктуу байкоону жана контролдоону камтыйт.
Токой чарбалык иш-чаралар - токойлорду өстүрүүгө, калыбына келтирүүгө, корууга жана сактоого, алардын күрдүүлүгүн жана туруктуулугун арттырууга багытталган уюштуруучу-техникалык иш-чаралар.
Абалды болжолдоо - токойдун алдыдагы мезгилге карата абалын ыктымалдуу баалоо.
1. Токойлорго мониторинг айлана-чөйрөнү мамлекеттик мониторингдөө системасынын жана токойду эсепке алуучу жумуштар системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелет.
2. Токойлорго мониторингдин объекти мамлекеттик токой фонду, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактар (мындан ары - ӨКЖА), муниципалдык жана жеке менчик токойлор болот.
3. Токойлорго мониторинг системасы токойлордун абалына жана токой чарбалык эмес иш-чаралардын мониторингди камтыйт.
4. Токойлордун абалына мониторинг токойлордун сапаттык жана сандык касиеттери жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
5. Токой чарбалык иш-чараларга мониторинг токой өсүмдүктөрүнүн тигилишине, туташ эмес токой өсүмдүктөрүнө, питомниктерге, плантацияларга, токой кыюуларга мониторингди, токой патологиясына мониторингди, токой өрттөрүнө мониторингди, токой эрежелерин бузууларга мониторингди, токой участоктордун ижарасына мониторингди камтыйт.
6. Токойлорго мониторингдин жыйынтыгы боюнча маалыматтын тууралыгы үчүн жоопкерчиликти токойлорго мониторинг жүргүзүү тапшырылган юридикалык жактар тартышат.
7. Токойлорго мониторинг токойлорго улуттук инвентаризациянын, токой фондун эсепке алуунун, токой кадастрынын, токой жайгаштыруу долбоорлорунун материалдарынын ж.б. негизинде жүргүзүлөт.
8. Токойлорго мониторинг республикалык бюджеттин эсебинен тийиштүү финансылык жылга каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
1. Токойлорго мониторинг республикалык (токойлорго улуттук мониторинг) жана аймактык (токойлорго жергиликтүү-объекттик мониторинг) деңгээлдерде жүргүзүлөт.
2. Бүткүл токой фондуна, ӨКЖАларга улуттук мониторинг (жыйнак) менчиктин формасына жана ведомстволук караштуулугуна карабастан ишке ашырылат жана токой чарбаны башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын токой жайгаштыруучу уюму тарабынан, токой чарбаны башкаруучу республикалык мамлекеттик орган иштеп чыгуучу жана бекитүүчү нускамага ылайык жүргүзүлөт.
3. Токойлорго жергиликтүү-объекттик мониторинг мамлекеттик токой фондунун чектелүү аймактык объекттеринде, ӨКЖАларда, муниципалдык токойлордо ишке ашырылат жана токой чарбаны башкаруучу республикалык мамлекеттик органдын ведомстволук органдары, ӨКЖАлар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан токой чарбаны башкаруучу мамлекеттик орган иштеп чыгуучу бекитүүчү нускамага ылайык жүргүзүлөт.
4. Токойлорго мониторинг төмөнкүдөй төрт милдеттүү ырааттуу этаптагы иш-аракеттерден турат:
1) байкоо (көзөмөлдөө) жана токойлордун абалы жөнүндө маалыматтарды алуу;
2) токойлордун абалын талдоо жана баа берүү;
3) токойлордун абалын болжолдоо;
4) мыйзамдык, башкаруучулук, чарбалык, технологиялык жана башка чечимдерди кабыл алуу.
5. Байкоо жана маалыматтарды алуу токойлорго улуттук инвентаризациянын, токой фондун эсепке алуунун, токой кадастрынын жана токой жайгаштыруу долбоорлорунун өлчөө жана эсептөө, туруктуу сынамык аянттардын тармагын белгилөө, ошондой эле аралыктан изилдөөнү жана башка технологиялык негиздерди пайдалануу жолу менен алынган материалдарынын негизинде ишке ашырылат.
6. Абалды талдоо жана баалоо токойлордун абалынын токой чарбаны башкаруучу республикалык мамлекеттик орган илимий рекомендациялардын негизинде бекитүүчү токойлордун абалынын критерийлери жана индикаторлору боюнча жүргүзүлөт.
7. Болжолдоонун методологиясын токой чарбаны башкаруучу республикалык мамлекеттик орган илимий рекомендациялардын негизинде бекитет.
(КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 14-сентябры № 636 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту)