Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-июнундагы № 337
Инвестициялык долбоорлорду, билдирмелердин үлгүлөрүн жана инвестициялык долбоорлорду алдын ала кароо үчүн документтердин тизмесин алдын ала тандоонун негизги критерийлерин бекитүү жөнүндө
Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн пайдалануучу кредиттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- инвестициялык долбоорлорду алдын ала тандоонун негизги критерийлери;
- инвестициялык долбоорду (сунушту) алдын ала кароо үчүн билдирменин үлгүсү;
- инвестициялык долбоорду алдын ала кароо үчүн документтердин тизмеси.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы №337 токтому менен бекитилген |
Секторлор Критерийлер | Энергетика | Кен казып чыгаруу сектору | А/ч (кайра иштетүү) | Инфраструктуралык долбоорлор | Өнөр жай | Соода, кызмат көрсөтүү |
Менчик формасы | Менчик/мам-лекеттик /муниципалдык | Менчик | Менчик | Менчик/мамле-кеттик/муници-палдык | Менчик/ мамлекеттик/му-ниципалдык | Менчик |
Компаниянын иш мөөнөтү | 3 жыл | 3 жыл | 3 жыл | 3 жыл | 3 жыл | 3 жыл |
Жылына долбоордун финансылык кирешеси, % | 20%дан кем эмес | 30%дан кем эмес | 29%дан кем эмес | 14%дан кем эмес | 24%дан кем эмес | 30%дан кем эмес |
Кредит суммасы | $3 млн.дан 60 млн.га чейин | $1 млн.дан 25 млн.га чейин | $100 миңден 3 млн.га чейин. | $5млн.дан 60 млн.га чейин | $500 минден 60 млн.га чейин | $ 100 минден 5 млн.га чейин |
Актоо мөөнөтү | 10 жылга чейин | 5 жылга чейин | 3 жылга чейин | 10 жылгачейин | 5 жылга чейин | 3 жылга чейин |
Экспортко багыттоо же импорттув ордун толтуруу **, % | 30%дан кем эмес 10%дан кем эмес | 10%дан кем эмес | 30%дан кем эмес 1%дан кем эмес | - | 30%дан кем эмес 2%дан кем эмес | _ |
Өздүк салымдардын көлөмү | 10%дан кем эмес | 20%дан кем эмес | 15%дан кем эмес | 15%дан кем эмес | 20%дан кем эмес | 30%дан кем эмес |
Күрөө салымдардан талап кылынуучу, % | 50%дан кем эмес | 25%дан кем эмес | 70 %дан кем эмес | 30%дан кем эмес | 50%дан кем эмес | 70%дан кем эмес |
Жергиликтүү сырьену пайдалануу, % | 80% | 70% | 70% | - ■ | 70%дан кем эмес | - |
Жергиликтүү жумуш күчүн тартуу, % | 80%дан кем эмес | 80%дан кем эмес | 80%дан кем эмес | 70%дан кем эмес | 60%дан кем эмес | 50 %дан кем эмес |
Кредиттин пайыздык ставкасы (кем эмес) | 12% | 12% | 12% | 12% | 12% | 19% |
* эсептик көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасында инвестиииялык долбоорлордун жана өлкөнүн артыкчылыктуу экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугунун орто рыноктук параметрлерине негизделген. ** жылына товардык позицияны импорттоодон | ||||||
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 337 токтому менен бекитилген |
Толтурган күн: 200___ж. «__» ____________
| Талап кылынган маалыматтардын аталыштары | Маалыматтарды баяндап жазуу | ||
1. Долбоордун демилгечиси жөнүндө маалыматтар | ||||
1.1. | Долбоордун демилгечисинин толук аталышы | Компаниянын аталышы уюштуруу документтерине ылайык уюштуруучулук-укуктук формасын көрсөтүү менен | ||
1.2. | Уюштуруучулар, акционерлер, директор | Аты-жөнү, уставдык капиталда катышуу үлүшү | ||
1.3. | Оридикалык жана иш жүзүндөгү дарегг корреспонденция үчүн) | Компаниянын офисинин юридикалык жана иш жүзүндөгү жайгашкан дареги, почталык индексти кошкондо | ||
1.4.
| Долбоор берүүгө .шгарым укуктуу адамдын аты
| Аты-жөнү, компанияда ээлеген кызмат орду толугу менен. Ыйгарым укуктуу адамдын байланыш реквизиттери: Телефон: Факс: Моб: Е-mail: | ||
1.5. | Азыркы убакта долбоор демилгечинин иш* (профилдик активдүүлүгү) | Долбоордун демилгечисине негизги киреше алып келүүчү иш жана/же бизнес түрүн көрсөтүү керек | ||
1.6. | Долбоордун аткаруучусу Долбоорду компания-аткаруучунун(лардын) аталыштарын көрсөтүү, аткаруучу жөнүндө кеңирээк маалыматты тиркемеде баяндап рказуу. | |||
2. Долбоор жөнүндө маалымат | ||||
2.1. | Долбоордун демилгечи тарабынан болжолдонгон аталышы | Долбоордун аталышы долбоордун максатын так чагылдырууга тийиш | ||
2.2. | Гармак | Мисалы, энергетика, айыл чараба (кайра иштетүү), инфраструктуралык долбоорлор, кен казуу, өнөр жай, соода жана кызмат көрсөтүү | ||
2.3. | Долбоорду ишке ашыруу жери | Долбоордун божомолдуу жайгашкан жерин көрсөтүү (шаар, облус ж.б.) | ||
2.4. | Долбоорду кыскача баяндап жазуу | Долбоордун, өндүрүлүүчү продукциянын, өндүрүштүк кубаттуулуктун, жылына сатуунун пландалган көлөмүн, колдонулуучу жаңы технологиялардын маанисин баяндап жазуу. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрү (башталышы, узактыгы, фазалар боюнча бөлүштүрүлүшү) | ||
2.5. | Долбоордун учурдагы статусу | Сунушталуучу долбоор кандай стадияда экендигин көрсөтүү (мисалы, ТЭНдин же божомол ТЭНдин (бизнес-план) бар болушу, долбоордун иштелип чыгышы, аткаруучу-уруксат берүүчү документтердин алынышы, маркетингдик изилдөөлөр жөнүндө отчеттун түзүлүшү; патент, лицензия, ижара келишими, жерге, жайга менчик укугу, квалификациялуу персонал ж.б. бар болушу; заказчынын тандалышы, подрядчиктин аныкталышы ж.б.) Долбоорду ишке ашыруунун календарлык планын тиркөө | ||
2.6. | Күрөө | Күрөө мүлкүн жана анын наркын баяндап жазуу. Төмөнкүлөр күрөө мүлкү болушу мүмкүн: кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар, кепилдик кылуу жана кепил болуу, ошондой эле макулдашуу боюнча башка мүлк | ||
2.7. | Сатуу рыноктору | Рыноктун сыйымдуулугун (учурдагы керектөө), сатуунун божомол түзүлүшүн (объем экспорт, ички жана тышкы рыноктун көлөмү), продукцияны экспорттоо, | ||
|
| Продукцияны (кызмат көрсөтүүнү) керектөө топторун эсепке алуу менен география боюнча сатуу рынокторун бөлүштүрүүнү көрсөтүү. Продукцияны (кызмат көрсөтүүнү) сатуу системаларын уюштурууну баяндап жазуу | ||
2.8. | Региондук жана дүйнөлүк атаандаштар | Рыноктун аталган сегментинде, анын ичинде сырттагы атаандаштар жөнүндө маалымат берүү | ||
2.9. | Жергиликтүү ресурстарды баалоо | Сырье, көмөкчү материалдар, негизги энергия алып жүрүүчү, электр энергия-суу жана башкалар (долбоор үчүн жетиштүүлүгүн көрсөтүү). «Транспорттук инфраструктуралардын болушу. жана аны өнүктүрүүгө болгон муктаждык. | ||
2.10. | Долбоорду ишке ашыруу үчүн негизи персоналдардын болушу | Мындай долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасын баяндап жазуу, анын резюмесин тиркөө менен долбоордо сунушталуучу негизги персоналды көрсөтүү | ||
2.11. | Инвестициалык өнөк | Бул долбоорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен катар эле инвестициялоого даяр өнөктөштөрдүн бар-жогун көрсөтүү | ||
2.12 | Тобокелдер | Аталган долбоорду ишке ашырууда келип чыгуучу тобокелдердин бардык түрлөрүн көрсөтүү жана баяндап жазуу | ||
3. Каржылоо жөнүндө маалыматтар | ||||
3.1. | Долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестициянын жалпы көлөмү | 3 млн АКШ долларынан жогорку долбоорлор (орто жана чоң долбоорлор) үчүн млн АКШ долларында, ошондой эле 3 млн АКШ долларынан аз долбоорлор үчүн млн сомдо | ||
3.2. | Долбоордун рентабелдүүлүгү | Актоону (мөөнөттү) (DРР), кирешенин ички ставкасын (IRR) жана таза келтирилген наркты (NPV) жана долбоордун рентабелдүүлүгүн (MPI) көрсөтүү | ||
3.3. | Долбоор демилгечисинин катышуусу (акча каражаттар, активдер) | Долбоорду ишке ашырууга катышуучу болгон колдо бар финансылык ресурстар (заемдук эмес каражаттар) Долбоорду ишке ашыруу үчүн талап кылынуучу жалпы сумманы жана инвестициялардын жалпы көлөмүнө карата өлчөмдү (%) көрсөтүү | ||
3.4. | Каржылоого сурап алынуучу сумма (млн АКШ долларында) |
| ||
3.5. | Болжолдонуучу инвестициялардын максаттуу арналышы | Жабдуулар, СМР, жүгүртүү каражаттары, башка чыгымдар | ||
3.6. | Демилгечинин финансылык абалы | Уставдык капиталдын өлчөмү, активдердин жана милдеттердин суммасы, киреше жана таза пайда. Тиркелген документтерде акыркы 3 жыл үчүн финансылык отчет берүү. | ||
3.7. | 3 жыл үчүн салыктык төлөмдөрдүн көлөмү (миң АКШ долларында) | Эгерде компания мурда түзүлгөн болсо, анда компаниянын түзүлгөн күнүнөн баштап. | ||
3.8. | Түзүлүүчү жумуш орундардын саны |
| ||
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 337 токтому менен бекитилген |
Инвестициялык долбоорду алдын ала кароо үчүн документтердин тизмеси
Инвестициялык долбоорду алдын ала кароо үчүн долбоорго билдирме берүүчү (демилгечи) Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине төмөнкүлөрдү берет:
1) инвестициялык долбоорду алдын ала кароо үчүн белгиленген
форма боюнча толтурулган билдирмени;
2) долбоордун демилгечисинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөсүн;
3) долбоордун (бизнес-пландын) алдын-ала техникалык-экономикалык негиздемесин;
4) акыркы 3 жыл үчүн финансылык отчетту;
5) компания-аткаруучунун резюмесин;
6) инвестициялык долбоордун негизги персоналынын резюмесин.