КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 21-декабры ПЖ № 18
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьялары Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилсин:
Бейсекеев Эрмек Толеувич;
Воронцова Ирина Николаевна;
Кудайбергенов Алмазбек Нурсеитович;
Мамбеталы Жаныл;
Толубаева Бермет Мамыровна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |