Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 21-декабры ПЖ № 17
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Бишкек шаардык сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Курактык чегине жеткенге чейин төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:
Бейсекеев Эрмек Толеувич;
Воронцова Ирина Николаевна;
Кудайбергенов Алмазбек Нурсеитович;
Мамбеталы Жаныл;
Толубаева Бермет Мамыровна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |