КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 18-декабры ПЖ № 15
С.М.Крицкая жана Л.Д.Фахритдинова жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Крицкая Светлана Михайловна жана Фахритдинова Лилия Дарвиновна Бишкек шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, алардын Бишкек шаардык сотунун судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |