Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 3-июну №338
"2009-жылдын 13-январында кол коюлган, "Кыргыз Республикасына берилген кредиттер боюнча 2009-жылдын 1-мартына чейин Араб Экономикалык Өнүктүрүүнүн Кувейт Фондунун алдында жоюлууга тийиш болгон суммаларды жөнгө салуу боюнча финансылык атайын чараларга карата өз ара түшүнүшүү меморандумун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө", Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2009-жылдын 13-январында кол коюлган, "Кыргыз Республикасына берилген кредиттер боюнча 2009-жылдын 1-мартына чейин Араб Экономикалык Өнүктүрүүнүн Кувейт Фондунун алдында жоюлууга тийиш болгон суммаларды жөнгө салуу боюнча финансылык атайын чараларга карата өз ара түшүнүшүү меморандумун ратификациялоо жөнүңдө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 13-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасына берилген кредиттер боюнча 2009-жылдын 1-мартына чейин Араб Экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт Фондунун алдында жоюлууга тийиш болгон суммаларды жөнгө салуу боюнча финансылык атайын чараларга карата өз ара түшүнүшүү меморандумун ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2009-жылдын 13-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасына берилген кредиттер боюнча 2009-жылдын 1-мартына чейин Араб Экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт Фондунун алдында жоюлууга тийиш болгон суммаларды жөнгө салуу боюнча финансылык атайын чараларга карата өз ара түшүнүшүү меморандуму ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Араб Экономикалык Өнүктүрүүнүн Кувейт Фондуна билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|