КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 22-августу ПЖ № 149
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 87-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин отставкасы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелсин.
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышсын.
4. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Негиз: С.Ш.Жээнбековдун арызы.
Президент |
| А. Атамбаев |