КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 22-августу ПЖ № 150
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу жөнүндө
Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин берген арызына ылайык жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19 жана 20-беренелерине, 23-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Жээнбеков Сооронбай Шарипович 2017-жылдын 21-августунда берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруудан бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевичке жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Президент |
| А. Атамбаев |