Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 30-декабры ПЖ № 23
Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" жана "Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ортосундагы жарандык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунушун эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө төмөнкү адамдардын өтүнүчтөрү канааттандырылсын:
1) Аматов Доолатбек Сатыбалдыевич, кыргыз, 1972-жылы Кыргыз ССРинин Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган; Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жашап жатат;
2) Водолазов Андрей Анатольевич, орус, 1973-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган; Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жашап жатат;
3) Бегалиев Искендер Султанбекович, кыргыз, 1987-жылы Кыргыз ССРинин Аламүдүн районундагы Кызыл-Бирдик айылында туулган; Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жашап жатат;
4) Даутахунова Амина Омаровна, дунган, 1982-жылы Кыргыз ССРинин Ысык-Ата районундагы Дружба айылында туулган; Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кен-Булун айылында жашап жатат;
5) Калабухова Екатерина Валерьевна, орус, 1985-жылы Башкир АССРинин Куюргаз районундагы Старая Отрада станциясында туулган; Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу шаарында жашап жатат.
Аны менен бирге 2008-жылы туулган уулу Щепкин Владислав;
6) Ким (Цой) Альбина Антоновна, корей, 1967-жылы Казак ССРинин Жамбул облусунун Жамбул шаарында туулган; Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жашап жатат;
7) Кулатов Эркин Турабаевич, кыргыз, 1949-жылы Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында туулган; Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жашап жатат;
8) Мирзаева Етар Зияевна, түрк, 1987-жылы Казак ССРинин Жамбул облусунун Чүй районундагы Новотроицк айылында туулган; Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красная Речка айылында жашап жатат;
9) Мурзабдиллаева (Йылмаз) Зыягуль Надырбековна, кыргыз, 1987-жылы Кыргыз ССРинин Жалал-Абад облусунун Базар Коргон районундагы Беш-Бадам айылында туулган; Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жашап жатат.
Аны менен бирге 2014-жылы туулган уулу Йылмаз Эдип Энес;
10) Осмоналиев Зайрбек (Зайирбек) Мутушевич, кыргыз, 1958-жылы Кыргыз ССРинин Ош облусунун Ала-Бука районундагы Ызар айылында туулган; Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ызар айылында жашап жатат;
11) Сатымкулов Бектур Коңурбаевич, кыргыз, 1968-жылы Кыргыз ССРинин Талас облусунун Бакай-Ата районундагы 1-Май айылында туулган; Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жашап жатат;
12) Татаринова Раиса Александровна, орус, 1973-жылы Казак ССРинин Жамбул облусунун Мерке районундагы Кузьмино айылында туулган; Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында жашап жатат.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |