Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 19-апрели ПЖ № 80
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесинин 6-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Негиз: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 2368-VI токтому.
Президент |
| С. Жээнбеков |