Редакцияот 17.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2018-жылдын 17-апрели ПЖ № 73

Ысык-Көл облустук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Ысык-Көл облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Алиева Гулкайыр Сакешовна, Досмамбетов Азизбек Анарбекович, Жаныбеков Медер Жаныбекович, Молдакунов Айбек Карыбекович, Рыскулова Аида Бекеновна, Шамбетова Мира Узбековна жана Шерипов Улан Турганбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан бошотулуп, алардын Ысык-Көл облустук сотунун судьяларынын ыйгарым укуктары 2018-жылдын 20-мартынан тартып токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

 

С. Жээнбеков