Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 17-апрели ПЖ № 74
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Ысык-Көл облустук сотунун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Курактык чегине жеткенге чейин төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:
Алиева Гулкайыр Сакешовна;
Жаныбеков Медер Жаныбекович;
Молдакунов Айбек Карыбекович;
Шамбетова Мира Узбековна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| С. Жээнбеков |